Ссылки доступа

Казакстанда карамагындагы объектилерди сата албай жаткан министрликтер сынга алынды


Казакстандын каржы министри Бахыт Султанов мамлекеттик органдардын күнөөсү менен өкмөттүн менчигиндеги төрт ири объект сатылбай турганын билдирди.

«Мамлекеттик органдар объектилерди менчиктештирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды аткарышкан эмес. Бул Инвестициялар жана өнүгүү, Коргоо жана аэрокосмикалык өнөр жай, Маданият жана спорт, Билим берүү жана илим министрликтеринин объектилери. Буга байланыштуу быйыл төрт объекти сатылбай калчудай болуп турат», – деди Бахыт Султанов өкмөттүн 17-июлдагы жыйынында.

Жыл башынан бери Казакстанда 82 объект сатыкка коюлуп, алардын 35и сатылды. Активдерди сатуудан түшкөн жалпы сумма 30,6 миллиард теңгени түздү. Бахыт Султановдун айтымында, учурда 39 ири объектини менчикке берүү пландалууда. Алардын экөөсү сатылса, алтоосу боюнча сатып алуучулар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG