Ссылки доступа

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго жаңы айып коюлду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбын угузду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Ибраимовго бул айып жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууга берүүдөгү коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында тагылды.

Тергөөдө белгиленгендей, Албек Ибраимов пайда көрүү максатында өзүнүн жеке ыйгарым укугун пайдалануу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мэриянын башка кызмат адамдары менен менчикке берүү боюнча кылмыштуу схема уюштурган. Ошол эле учурда ири өлчөмдө акчалай пайда алуу максатында жер участокторун өздөрүнө тиешеси бар тараптарга каттатышып, алар аркылуу башка жактарга сатышканы аныкталган.

Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп шек саналып 19-июлда кармалган. Ошол эле күнү Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, аны тергөө аяктаганча, 29-августка чейин камакка алган.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.

XS
SM
MD
LG