Тиешелүү документтин долбоору нормативдик актылардын расмий порталына жарыяланды. Ага ылайык, уюмду аткаруу бийлиги, федералдык көзөмөл жана прокуратура органдарынан алынган маалыматтардын негизинде «зыяндуу» деп табууга болот. Мыйзам коомдук талкууда 14-августка чейин болот.
«Агора» укук коргоо уюмунун башчысы Павел Чиков «Ведомости» басылмасына берген маегинде «зыяндуу» уюмдарды жоюу тууралуу мыйзам 2012-жылы эле кабыл алынганын, бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жолу колдонулбаганын белгиледи.
Уюмдун адвокаты Рамил Ахметгалиевдин божомолунда, бул мыйзам АКШда Марина Бутинанын камалгандыгына байланыштуу Вашингтонго каршы демонстрациялык акция болушу мүмкүн. Бутина Кошмо Штаттарда Орусиянын кызыкчылыктарын мыйзамсыз сүрөөнгө алган деп айыпталууда.