Ссылки доступа

Өзбекстанда үч ай мурун кесиптешинен бычак жеген жетекчи көз жумду


Кашкадарья облусу Яккабаг районунун Мажбурлап аткартуу бюросунун башчысы Бахром Жураев 2-августта ооруканада каза тапканы белгилүү болду. Жумуштан бошотулган кызматкер ага үч ай мурун бычак менен кол салган.

– Бахром Жураев кесиптешибиз Шавкат Ибратовду жумуштан бошоткондон кийин ал ичип алып, жетекчинин иш бөлмөсүнө бычак көтөрүп кирип барган. Шавкат аны бычак менен төрт жолу сайган. Алгач Бахром Жураевге Яккабаг ооруканасында операция жасашкан, андан соң Карши шаарынан Ташкентке алып кетишкен. Бирок дарыгерлер ага жардам бере алышкан жок. Жураев 2-августта каза болду , –деди бюро кызматкерлеринин бири.

3-майда Мажбурлап аткартуу бюросунун Кашкардарья облусундагы бөлүмүнүн жумуштан алынган кызматкери Шавкат Ибратов жетекчиси Бахром Жураевге бычак менен кол салган. Маалыматка караганда, жумуштан мыйзамсыз алындым деп эсептеген кызматкер жетекчисине төрт жолу бычак сайган.

Мажбурлап аткартуу бюросунун мурдагы кызматкери Шавкат Ибратовго карата кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG