Ссылки доступа

Тажикстанда терроризмге үгүттөө үчүн жаза катаалдаштырылды


Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Интернетте терроризмге чакырык таштоого жана социалдык түйүндөрдө террордук иштерди актоого карата жазаларды катаалдаштыруу боюнча Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Мыйзамда “Террордук ишмердүүлүктү актоого” – террордук актларды колдоо тууралуу билдирүүлөр жана бул идеологияны туура деп таануу кирет. Кылмыш кодексинин жаңы редакциясына ылайык, террордук ишмердүүлүктү колдоо жана актоо үчүн 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөр Тажикстандын төмөнкү палатасынын депутаттары тарабынан 13-июнда колдоо тапкан.

Долбоорду сунуштоо учурунда депутат Бахтовар Сафаров айрым жарандар социалдык түйүндөрдү жана мессенжерлерди терроризмди пропагандалоо аянтчасына айлантып алганын билдирген.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча Жакынкы Чыгыштагы жоочуларга, анын ичинде ИМ тобуна кошулуп кеткен көптөгөн тажикстандыктар социалдык түйүндөр аркылуу азгырылган.

Эмомали Рахмон Кылмыш кодексинин жаңы редакциясына Тажикстандын түштүгүндө чет элдик велосипедчендерге жасалган кол салуудан 5 күн өткөн соң кол койду. Чабуул теракт деп табылган жана бул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG