Ссылки доступа

Орусия АКШ товарлары үчүн импорттук алымдарды көбөйттү


5-августтан тарта Орусия АКШнын бир катар товарларына карата импорттук алым киргизди. "Прайм" агенттиги билдиргендей, муну менен Москва Вашингтондун буга чейин болот жана алюминийге карата пошлина киргизүүсүнө жооп берди.

Жүк ташуучу унаалар, жол куруу техникалары, мунайгаз жабдуулары, металлдарды иштетүү аспаптарына карата бажы төлөмдөрү жогорулады.

Орусиялык экспортчулар үчүн америкалык товарларга киргизилген чектөөнүн зыяндары 540 миллион доллар деп бааланууда. Орусиялык кошумча пошиналардын жылдык көлөмү азырынча 88 миллион доллар. Орусиянын экономиканы өнүктүрүү министри Максим Орешкин​дин айтымында, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелери боюнча Орусия азырынча ушунча гана чектөө киргизе алат. Калган 450 миллион доллар ДСУнун чечими менен үч жылдан кийин гана киргизилиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG