Ссылки доступа

Скутер бизнеси: коопсуздукту ким ойлойт? (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Скутер бизнеси: коопсуздукту ким ойлойт? Суу транспорттору жайкысын Ысык-Көлдө эс алуучулар үчүн кызыктуу, ишкерлер үчүн пайдалуу. Алардын ичинен акыркы жылдары скутерде сүзүү эс алуунун кеңири жайылган түрүнө айланды. Айрым пансионаттарда аны беш мүнөт тебүү үчүн 500 сом төлөш керек. Бирок, ошол эле маалда скутерлердин коопсуздугу олуттуу маселе бойдон калууда. (видео)

- Кытайдан качып, кыргыздан кыйналган карыя. Турду Омуралиев 80 жашта. Ал мындан туура 45 жыл мурун Кытайдын Кызыл-Суу районуна караштуу Төмөнкүч айылынан Кыргызстанга качып келген. Турду аксакалдын ата-энеси 1916-жылы улуттук боштондук маалында падышалык орус бийлигинин кысымына чыдабай, Кытайга качып баргандардан. Турдакун Омуралиевдин айтымында, анын туугандары деле Кытайда жашайт. Буга чейин бир нече жолу барып, ал-жай сурашып келген, быйыл оорусунан улам ал жакка жетпей жатканын айтып отурду. (видео)

- Турдумамбетов: Ар бир жаран өлкөгө салым кошо алат (видео)

- Фархад: Кыргыз жарандыгын алгыбыз келет. "Азаттыктын" Ооганстандан келген үй-бүлөнүн жашоосу тууралуу бул тасмасы Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган сынакта 3-орунду жеңип алды.Тасманын баш каарманы - 12 жаштагы Фархад. Ал кыргыз өкмөтү анын ата-энесине качкын макамын беришин, башкалардай эле кенен-кесири жашоону кыялданат. Расмий маалымат боюнча өлкөдө качкын макамын күтүп жаткан 159 адам бар. (видео)

- Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн кайсынысында коомдук транспорт коопсузураак? (Настоящее время)

- Түндүк Кореядан качып чыккан аял. (видео)

- Этно-лагерь шаардык балдарды смартфон жана интернеттен алаксытуунун жолу катары. (Кыргызстандан видео)

- Алматыда борбордук көчөлөр бир багыттуу болуп калды. (видео)

- Мигрант: «Мен бул ишти аягына чейин чыгарам». Өзбекстандык мигрант аны бычак менен жарадар кылган орус улутчулду жоопко тартууга ниеттенүүдө. (Өзбекстандан видео)

- Исламчылар каякка жоголушту? «Ислам мамлекети» мындан ары жок деп билдирди АКШнын вице-президенти Майк Пенс. (видео)​

- Африкада жашап жана кантип акча табуу керек? (Настоящее время)

- «Татыктуу өнөктөш 2018» сүрөттөрдө. (сүрөт баян)​

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG