Ссылки доступа

Индонезияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 140тан ашты


Индонезиянын Ломбок аралындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 140тан ашып, 200дөн ашык киши жаракат алды. Мерт болгондордун арасында чет өлкө жарандары жок.

Күчү жети баллга жеткен зилзала дүйшөмбүгө караган түнү башталган. Анын күчү коңшу Бали аралында дагы сезилди.

Жер титирөөдөн аралдагы Матарам шаары ири зыян тартып, бир нече район электр энергиясыз калды. Мындан тышкары аралдын түндүгүндөгү башка калктуу конуштар дагы зыянга учурады.

Жаракат алгандарга жардам берүү үчүн Ломбокко дарыгерлерден турган атайын кеме жөнөтүлдү. Бали жана Ломбок аралдары - туристтер көп барган жер. Учурда эс алуучулар аралдан кете баштаганы кабарланууда.

Бир жума мурда да Ломбок аралында күчү 6,4 баллды түзгөн жер титирөө болуп, 17 кишинин өмүрү кыйылган. Былтыр Бали аралында жанар тоо атылып, андан 100 миң кишини, анын ичинде туристтерди дагы эваукациялоого туура келген.

XS
SM
MD
LG