Ссылки доступа

АКШ Конгресси 2019-жыл үчүн аскердик чыгымдарды 2 пайызга көбөйттү


АКШ Конгресси 2019-жыл үчүн коргонуу бюджетин кабыл алып, президенттин кол коюусун жөнөттү. Анда аскердик чыгымдарды 2 пайызга жана куралдуу күчтөрдүн санын 15 600 адамга көбөйтүү каралган.

Документте терроризмге каршы күрөшүүнүн алкагында Ооганстанда, Сирияда, Йеменде, Иракта, Нигерде, Ливияда жана Сомалиде жүргүзүлүп жаткан аскердик иш-чараларды каржылоо дагы каралган. Ошол эле маалда Пентагон Кытай менен Орусияга каршы турууга артыкчылык бере баштаганын байкоого болот.

Конгресс АКШ коргоо министрлигине кошумча дагы бир учак ташуучу кеме берип, мекеменин бюджеттик өтүнүчүн кеңейтти. Флот жалпысынан 13 жаңы кеме курулушу үчүн каражат алат. Бул Орусия быйыл кура турган кемелерден дээрлик эки эсеге аз. Мындан тышкары документте Орусия менен чектешкен өлкөлөрдүн коргонуу мүмкүндүктөрүн бекемдөө үчүн 6,3 миллиард бөлүү жана Пентагонго Польша аймагына америкалык күчтөрдү туруктуу жайгаштыруу мүмкүндүгүн караштыруу тапшырмасы жазылган.

Мыйзам чыгаруучулар Кытайга аскердик-жарандык багыттагы технологияларды экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү катаалдатышты. Ошол эле маалда АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис Конгрессти Орусиядан курал-жарак сатып алган өлкөлөргө каршы киргизилген санкциялардын милдеттүү аткарылышын талап кылбоого көндүрдү. Министр мында АКШ менен аскердик кызматташуусун кеңейткени менен мурдагыдай эле Орусиядан курал-жарак алууга көз каранды болгон Индия менен Вьетнам жөнүндө айтты.

Коргонуу бюджети Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG