Ссылки доступа

АКШнын Иранга каршы санкциялары бүгүн күчүнө кирет


Дональд Трамп 8-майда Иран менен түзүлгөн келишимден чыгуу ниети тууралуу прокламацияга кол койгон
Дональд Трамп 8-майда Иран менен түзүлгөн келишимден чыгуу ниети тууралуу прокламацияга кол койгон

Бүгүн, 7-августта АКШнын Иранга киргизген санкциялары күчүнө кирет.

Вашингтондун Ирандын өзөктүк программасы боюнча жалпы макулдашуудан чыгуу чечимине карата Франциянын, Германиянын жана Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери, ошондой эле ЕБдин тышкы иштер боюнча өкүлү Фредерика Могерини өкүнүчтөрүн билдиришти.

Аталган үч өлкө Орусия жана Кытай менен бирге 2015-жылы АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын катышуусунда иштелип чыккан макулдашууну түзүүгө катышкан. Ал макулдашууга ылайык, Иран өзөктүк программасынан баш тартып, анын ордуна өлкөгө киргизилген санкциялар алынмак. Дональд Трамп бийликке келгенден кийин макулдашуудан чыгуу ниетин билдирген.

Могерини ЕС менен Ирандын ортосундагы соода байланыштарын сактап калуу оор болорун моюнуна алды. Европанын инвестициялык банкы азыртадан эле Ирандагы европалык ишканалардын долбоорлорун колдоодон баш тартты. Эми бул сыяктуу ишканалардын көбүнө Иран базарынан кетүүгө туура келет, анткени алардын акцияларынын бир бөлүгү америкалыктарга тиешелүү, деп билдирди Франциянын RFI радиосу.

ЕБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы экономикалык байланыштын көлөмү анча чоң эмес. 2017-жылы ал болгону 20 миллиард еврону түзгөн.

Америкалык санкциялардын биринчи «толкуну» акча трансакцияларына бөгөт коюуга багытталган. Санкциялардын экинчи «толкуну» быйыл ноябрда күчүнө кирет. Ал Ирандын энергетика секторун, мунай тармагын жана Борбордук банктын акча которуу жолдорун бутага алат.

XS
SM
MD
LG