Ссылки доступа

Тажикстанда он кишиге ВИЧ жуктурган сойку бир жылга соттолду


Архив сүрөт. Он кишиге ВИЧ жуктурган аялга тиешеси жок
Архив сүрөт. Он кишиге ВИЧ жуктурган аялга тиешеси жок

Тажикстандын Шаартуз райондук соту он кишиге ВИЧ-инфекциясын жуктурган сойкуну бир жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Аты-жөнү айтылбай жаткан аял өзүнүн бир нече кардарына атайылап ооруу жуктурган деп айыпталып жаткан.

7-августтагы отурумда прокурор айыпталуучуну эки жылга эркинен ажыратууну өтүндү. Бирок сот аялдын кылганына өкүнүп, мындан ары сойкулук менен алектенбей тургандыгы жөнүндөгү айткандарын жана үй-бүлөсүнүн экономикалык абалы оор экенин эске алып, ага карата жазаны жеңилдетти.

Эми он күндүн ичинде соттолгон аялдын туугандары жана адвокаты өкүм боюнча жогорку баскычтагы сотко даттана алышат.

Аялдын өзү 30 жашта жана анын эки баласы бар. Ал 2014-жылдан бери ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү борборунда каттоодо турганына карабастан, күйөөсү менен ажырашкандан кийин интимдик кызматтарды көрсөтүүсүн уланта берген. Анын айрым кардарлары телефон чалуулар жана смс-билдирүүлөр аркылуу аныкталган. Тергөөчүлөрдүн билдиришинче, алардын баары Шаартуз районунун тургундары жана көбүн үйлөнө элек жаштар менен үй-бүлөлүү кишилер түзөт.

XS
SM
MD
LG