Ссылки доступа

Беларуста TUT.BY ири интернет-басылмасында тинтүү жүрүүдө


Беларустагы Tut.by ири интернет-порталынын кеңсеси 6-августта жабылып, Тергөө комитетинин кызматкерлери редакцияда тинтүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу интернет басылманын негиздөөчүсү Юрий Зиссер билдирди.

Бул арада БелаПАН көз карандысыз агенттигинде да тинтүүлөр жүрүүдө.

TUT.by компаниясы басылма кызматкерлеринин бири мамлекеттик БелТА маалымат агенттигинин сайтын бузуп, андагы маалыматтарды мыйзамсыз алууга шектелүүдө.

Тергөө комитети “Жеке кызыкчылыктан улам компьютердик маалыматты мыйзамсыз алуу менен зыян келтирүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөөчүлөр мамлекеттик агенттиктин маалыматтарын Tut.by гана эмес "Белорусская наука" басма үйү, "БелаПАН" жана "Тутбай Медиа" агенттиктери да колдонгон болушу мүмкүн деп эсептейт. Аты аталган басылмалардын бир нече кызматкери кармалды. “Азаттыктын” беларус кызматы алар Tut.by сайтында иштеген Марина Золотова, Ульяна Бабоед, Анна Калтыгина жана БелаПАНдын кызматкери Татьяна Коровенкова экенин жазды.

XS
SM
MD
LG