Бабур Хасандын айтымында, 3-августта ал АКШдан Ташкентке учуп келген. Бирок өзбек чек арачылары аны өлкөгө киргизүүдөн баш тартышкан.
Хасан Өзбекстандын экономикасына 50 миллион долларга жакын инвестиция салууну пландап жатканын билдирүүдө.
Анын айтымында, өзбек бийлиги анын долбоорлоруна кызыкканы менен, 7-8 айдан бери виза берүүдөн баш тартып келген.
Фейсбук баракчасына видеокайрылуу жайгаштырган Өзбекстандын мурдагы жараны эми долбоорлорун Казакстанда ишке ашырууга ниеттенип жатканын билдирди.