Ссылки доступа

Манафорттун сотунда бизнес-өнөктөшү ага каршы көрсөтмө берди


Дональд Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафорттун эски бизнес-өнөктөшү украин кардарлардан алган миллиондогон долларларды жашырууга кантип жардам бергенин айтып берди.

Рик Гейтс 6-августта сотто биринчи жолу көрсөтмө берди. Гейтстин айтымында, украин бизнесмендери саясий кеңеш үчүн Манафортко миллиондогон доллар төлөшкөн, акча Манафорт үчүн Кипрде ачылган эсепке түшүп турган. Манафорттун суранычы менен чет өлкөлүк банктардагы эсептери тууралуу салык органдарына маалымат берилген эмес.

Прокурорлор Манафортту Украинадагы иши үчүн 60 миллион доллар алып, бирок ал акчаларын офшордогу эсептеринде катып, каражатынын көп бөлүгүн салык кызматынан жашырууга айыпталууда.

Рик Гейтс жыл башында кутумга барууга айыпталып, жазаны жеңилдетүү үчүн прокурорлор менен кызматташа баштаган. Гейтс чет өлкө банктарындагы акчаларды Манафорт экөө көзөмөлдөп турганын билдирди. Мындан тышкары Манафорттун саясий кеңешчиси, жакын бизнес-өнөктөшү Константин Килимник дагы акчаларды көзөмөлдөө иштерине катышкан. Ал июнда Пол Манафорттун иши боюнча күбөлөргө басым жасоого айыпталган.

Константин Килимник орусиялык чалгын кызматтары менен кызматташууга да шектелүүдө. Ал айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG