Ссылки доступа

Азия оюндары: Жээнбеков спортчуларга бата берди (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Жэйкоб: Максатты туура койгонду үйрөнүү керек. Үч жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн АКШ жараны Жэйкоб Дуайэр Кыргызстан, кыргыз жаштары тууралуу оюн айтып, тил үйрөнүү боюнча кеңештери менен бөлүштү. (видео)

- Азия оюндары: Жээнбеков спортчуларга бата берди. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезияда өтө турган XVIII жайкы Азия оюндарына катыша турган спортчулар менен жолугуп, улуттук курама команданын капитаны Каныбек Жолчубековго өлкөнүн желегин тапшырды. (видео)

- Аткезчилик айынан тоок фермалар жабылды. Акыркы эки жылда өлкөнүн түштүк аймагында 18 тоок чарбасы атаандаштыкка туруштук бере албай жабылган. Фермерлер буга негизинен ЕАЭБ алкагында Орусия, Казакстандан жана контрабандалык жол менен Өзбекстан, Тажикстандан келген куш этинин жана жумуртканын арзан келип жатканы себеп деп айтышууда. Ишкерлер учурда өкмөт жок дегенде жемдин салыгынан жеңилдик берсе деген үмүттө. (видео)

- «Тблисиде бийликти алмаштырып, Грузияны мамлекет катары жок кылуу максаты болгон»: Саакашвили – Орусия менен Грузия ортосундагы согуш тууралуу. (Настоящее время)

- Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн кайсынысында коомдук транспорт коопсузураак? (Настоящее время)

- Фейсбуктагы тайпа фрилансерлер үчүн онлайн-биржага айланды. (Кыргызстандан видео)

- Астанада мектеп окуучулары бирдиктүү формага өтүшөт.(Казакстандан видео)

- Түндүк Кореядан качып чыккан аял. (видео)

- 44 градус. Европалыктар жаңы температуралык рекорддорго даярданып жатышат. (Директтен видео)

- "Калькулятор" бала. Арсен Рахымбеков 28-сентябрда Германияда өтө турган оозеки эсеп боюнча VIII Дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 40 адам тандалып алынган. (Директтен видео)

- «Эски телевизор»: 1998-жылкы каатчылык кантип чагылдырылганын эстейбиз. (Настоящее время)

- Принтерден чыккан бургер: тамак-аштын келечеги. (Директтен видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG