Ссылки доступа

Түркмөнстанда полиция базарда өз өнүмүн саткан жарандарды куугунтуктоодо (видео)


Дашөгүз облусунда полиция өз короосунда өстүргөн жашылча-жемиштерин базарларда сатууга аракет жасаган жергиликтүү тургундарды кууп жатат.

Жергиликтүү бийлик дыйкандардын базарга чыгуусуна эмне себептен тыюу салып жатканын түшүндүргөн жок.

Полиция Дашогуза разгоняет частных торговцев овощами
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:17 0:00

Бул арада бышыкчылык мезгилине карабай, базарларда баалар өсүүдө. Дашөгүз облусунда жашылча-жемиштердин наркы былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге жогорулады. Маселен, помидор былтыр 2 манат турса, быйыл 5 манаттан сатылууда. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 1 АКШ доллары 3,5 манат турат.

Фермерлердин айтымында, быйыл кургакчылык жана суу тартыштыгынан улам түшүм төмөн болуп, жашылча-жемиштердин баасы өсүүдө.

XS
SM
MD
LG