Ссылки доступа

Талас жайлоосундагы өрт дээрлик өчүрүлдү


Таластагы Алмалуу жайлоосунда, чек арадагы аймакта чыккан өрттүн Казакстан тарабы өчүрүлдү. Аны өчүрүүгө казак тараптан 150дөй адис жана бир тик учма тартылган.

Кыргызстан тарабы да дээрлик өчүрүлдү. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө 500гө жакын киши тартылган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагында 1000 гектар жердин күйүп жатканын билдирген. Өрт үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра тутанып кеткен. Буга казак тараптан (батыш) соккон шамал себеп болуп жатканы айтылган.

Кыргыз өкмөтү Казакстанга кайрылып, өрткө каршы күрөшүүгө чакырууну пландап жатканын мурдараак вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, өрт чалган жердин көбү жайыт, 20 гектарга жакыны токой чарбасына таандык.

28-июлда башталган тилсиз жоого каршы Талас облусунун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары катышууда. Аларга милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар да кошулган.

Өрт чыккан жер Манас районуна карайт. Аймакка 1-августтан тарта чукул кырдаал режими киргизилген. Кырсыктын себеби анык эмес.

XS
SM
MD
LG