Ссылки доступа

Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы дагы эки тилкени аныкташты


Өзбекстан менен Кыргызстандын өкмөттүк делегациялары дагы эки тилкеде чек ара сызыктарын аныкташты.

Өзбекстан ТИМи билдиргендей, 1-7 август аралыгында Ферганада эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. Анын жүрүшүндө тараптар аймактарды иликтөөнүн жыйынтыктарын карашты.

Жолугушуу учурунда Фергана жана Баткен облустарына чектеш Шахимардан жана Газнов тилкелери аныкталды. Андан соң протоколго кол коюлуп, Фергана, Наманган жана Баткен менен Жалал-Абад облусундагы калган тилкелерде иликтөө жүргүзө турган күндү белгилешти.

Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15% 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок аны делимитациялоо жана демаркациялоо аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG