Ссылки доступа

Эл аралык уюмдар Душанбени активисттердин үй-бүлөлөрүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты


Эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстан бийлигин «саясий негиз менен» көз карандысыз активисттин үй-бүлөсүнө карата өлкөдөн чыгууга киргизилген тыюуну алып, диссиденттердин туугандарына карата «бузуку өнөктүктөрдү» токтотууга чакырышты.

Жети эл аралык укук коргоо уюму, анын ичинде Human Rights Watch (HRW) уюму өткөн жумада күч кызматкерлери Душанбе аэропортунда активист Шабнам Худойдодованын туугандарын каттамдан алып салышканын билдиришти. Худойдодованын 10 жаштагы кызы, кары апасы жана иниси активист менен жолугуу үчүн Европага кеткени жатышкан.

«Өкмөттү сындап койгондугу үчүн активисттин 10 жаштагы кызы менен анын туугандарына карата тажик бийлигинин өтө катаал мамилеси таң калтырууда. Алардан өч алууну көздөбөстөн тез арада Тажикстандан чыгып кетүүсүнө уруксат бериши керек», — деди HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Укук коргоо уюмдардын билдирүүсүндө бийликтин бул кадамы Худойдодованын үй-бүлөсүнө карата жасалган кезектеги чаралардын бири экени жазылган. Ошондой эле анда тажик бийлиги дайыма чет өлкөлөрдө жашаган башка тажик оппозициячылардын үй-бүлө мүчөлөрүн кармап, коркутуп же өлкөдөн чыгууга тыюу салып келери белгиленген.

XS
SM
MD
LG