Ссылки доступа

ЕККУга мүчө 11 өлкө орус-грузин согушу боюнча билдирүү таратты


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) мүчө 11 өлкө Орусия жана Грузия согушунун он жылдыгына карата билдирүү таратты.

Грузияга жан тарткан топ Москваны оккупацияланган грузин аймагынан аскерлерин чыгарууга жана Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануудан баш тартууга чакырышты.

"Орусиялык аскерлер Грузияга кол салганына он жыл өтсө да, биз грузин аймактарын басып алуу уланып жатканына кабатырбыз. Биз жаңжалды БУУнун Хартиясы, Хельсинки макулдашуусу жана эл аралык укуктардын фундаменталдык нормалары менен принциптерине ылайык, тынчтык жол менен чечилиши зарыл деп эсептейбиз ", - деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүгө кол койгон өлкөлөр Грузияда ЕККУнун байкоочу миссиясын түзүү керектигин айтышты.

АКШнын Мамлекеттик департаменти дагы Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

2008-жылдын 8-августунда башталган орус-грузин согушунда 412 грузин жараны мерт болгон. Орусия 67 аскер кызматкеринен айрылган. Согуштун соңунда Орусия Түштүк Осетия менен Абхазияны "көз карандысыз мамлекет" деп тааныган. 2008-жылдын сентябрь айында расмий Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакасын токтоткон.

XS
SM
MD
LG