Ссылки доступа

Өзбекстан УККсынын мурдагы башчысынын аты-жөнү сенаторлордун тизмесинде жок болуп чыкты


Рустам Иноятов, Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы

Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Рустам Иноятовдун аты-жөнү парламенттин жогорку палатасынын мүчөлөрүнүн тизмесинде жок болуп чыкты. Ал УКК башчысы кызматынан бошотулгандан кийин президенттин мамлекеттик кеңешчиси жана сенатор болуп дайындалган.

«Аты-жөнү өчүрүлгөнүн же башынан эле киргизилбегенин айтуу кыйын. Анткени аны кокустан байкап калдык. Бирок быйыл 31-январда жергиликтүү маалымат каражаттары президенттин басма сөз кызматына таянып, анын президенттин мамлекеттик кеңешчиси жана сенаттын мүчөсү болуп дайындалганын жазышкан. Ошол эле маалда Өзбекстан президентинин сайтына Иноятов Рустам Расулевичтин сенатор болуп дайындалгандыгы тууралуу жарлык жарыяланган эмес», – деп жазды Uzmetronom.com сайты.

«Азаттыктын» өзбек кызматы дагы сенаттын сайтындагы парламенттин жогорку палатасынын депутаттарынын тизмесинен Рустам Иноятовдун аты-жөнүн таба алган жок. Бирок сенаторлор тизмесинде быйыл июлдун башында камакка алынган Самарканд облусунун мурдагы башчысы Туроб Жураевдин фамилиясы бар экенин байкоого болот. Сенаттын басма сөз кызматы Туроб Жураевдин аты-жөнү дагы деле тизмеде экенин «жаңылыштык» деп атап, өчүрүштү. Басма сөз кызматтан Рустам Иноятов сенатор катары ишмердүүлүгүн улантып жатканын кошумчалашты.

Өзбекстан УККсын 23 жыл башкарган Рустам Иноятов быйыл 31-январда отставкага кетирилген. Ошол эле күнү ал президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен сенат мүчөсү жана президенттин саясий-укуктук маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG