Ссылки доступа

Politico: Путин Трампка куралсыздандыруу тармагында сунуштарды берген


Орусия президенти Владимир Путин 16-июлда Хельсинкиде АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу учурунда өзөктүк куралды кыскартуу жана космоско курал жайгаштырууга тыюу салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаган.

Бул тууралуу Politico порталы “Куралданууну көзөмөлдөө маселелери боюнча диалог” деген аталыштагы Орусияга таандык документке шилтеме жасоо менен билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, документте Кол салуучу стартегиялык куралданууну чектөө тууралуу келишимдин ( СНВ-III) мөөнөтүн дагы беш жылга узартуу, космоско курал чыгарууга тыюу салуу боюнча жаңы келишим түзүү зарылдыгы белгиленген.

Котормочулар гана катышкан Хельсинкидеги жолугушуудан кийин АКШ Конгресси Дональд Трамптан Путин менен болгон сүйлөшүүлөрү тууралуу отчет берүүсүн талап кылган. Хельсинкидеги саммиттен кийин Трамп Путин менен Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу, Сириядагы жаңжал, терроризм жана киберчабуулга каршы күрөшүү тууралуу маектешкенин айтып, бирок кененирээк маалымат берген эмес.

XS
SM
MD
LG