Ссылки доступа

Өзбек имамдарына суицидге каршы баяндарды айтуу тапшырылды


Жума намаз маалында Өзбекстандын мечиттеринде имамдар өз жанын кыюу исламдагы эң чоң күнөөлөрдүн бири экендиги тууралуу баяндарды айта башташты. Мындай тапшырманы аларга өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен беришкен.

– Өз өмүрүнө кол салууга каршы баяндар жаштарга өлкөдөгү бардык мечиттерде айтылууда. Мындай тапшырманы Дин иштери боюнча комитеттен беришкен. Буга өлкөдө өз жанын кыйгандардын санынын көбөйгөндүгү себеп болууда. Суицидге ишеними алсыз адамдар барышат. Бизге динде өз өмүрүнө кол салууга тыюу салынганын түшүндүрүү тапшырмасы берилди, – деди жергиликтүү мечиттердин биринин имамы.

Ал ортодо айрым мечиттердин имамдарына үймө-үй кыдырып, жарандарга өз жанын кыюу исламда чоң күнөө экенин түшүндүрүү тапшырмасы берилгени айтылууда.

Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитетинин Ислам уюмдары жана мечиттердин имам-хатибдери менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери имамдарга суицидге каршы баяндарды айтуу тапшырмасы берилгенин ырастады.

– Акыркы эки айда Өзбекстанда өз жанын кыйгандардын саны өсүп кеткендиктен, имамдарга жума баяндарын ушул темада айтуу тапшырмасы берилген. Бизге суицидге баргандардын так санын айтышкан жок, бирок акыркы кездери андай учурлар кескин көбөйүп кеткенин билдиришти. Бирок биз имамдарга жума баяндарын гана айтууну тапшырганбыз, үйлөрдү кыдыруу тапшырмасы болгон эмес. Мындан тышкары биз бул темада макалаларды жарыялап, социалдык роликтерди тартып жатабыз», — деди ал.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Өзбекстанда жыл сайын 100 миң адамдын алтоосу өз жанын кыюуга барат. Бирок расмий эмес маалыматтарда бул сандар кыйла көп. Мурдараак президент Шавкат Мирзиёев өкмөт жыйыны маалында суицидге баргандардын саны көбөйүп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG