Ссылки доступа

Казакстан өлкөдө өкүлчүлүгүн ачпаган телеканалдарды ретрансляция кылууга тыюу салышы мүмкүн


Казакстандын Маалымат жана байланыш министрлиги өлкө аймагында өз өкүлчүлүгүн ачпаган ондогон чет өлкөлүк телеканалды ретрансляция кылууга тыюу салышы мүмкүн экенин билдирди.

8-августта мекеменин сайтына жарыяланган тизмеге Казакстанда өкүлчүлүгүн ачпаган 88 телеканал киргизилген. Алардын арасында Sky News, Fox News, France 24, Bloomberg Television, «Дождь» жана Russia Today TV телеканалдары бар.

Маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Казакстандын аймагында «чет өлкөлүк 88 телеканалды көрсөтүүнү токтотуу тууралуу буйруктар даярдалганын» билдирди.

Мекеме сайтында «Телерадиоберүү тууралуу» мыйзамга ылайык, өз өкүлчүлүгүн ачпаган бардык чет өлкөлүк телеканалдардын каттоого туруу жөнүндөгү күбөлүктөрү чакыртылып алынганы жазылган.

Былтыр өлкөдө «Телерадиоберүү тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, Казакстанда ретрансляция кылынган бардык чет өлкөлүк теле жана радиоканалдар өлкө аймагында өз өкүлчүгүн ачууга милдеттендирилген. Бул мыйзам быйыл 9-январда күчүнө кирип, чет өлкөлүк теле жана радиоканалдар 9-июлга чейин өз өкүлчүлүктөрүн ачышы керек болчу.

Ушул тапта Казакстанда 307 чет элдик телеканал жана радио каттоодон өткөн. Алардын 219 өз өкүлчүлүгүн ачкан.

XS
SM
MD
LG