Ссылки доступа

Түркмөнстанда план аткарбаган дыйкандардын мүлкү конфискацияланууда


Түркмөнстандын түндүк облустарында эгин жыйноо планын аткара албаган дыйкандар мамлекетке карыз болуп, төлөөгө шарты жоктордун мүлктөрү конфискацияланууда.

Пенсиялык камсыздандыруусу бар дыйкандар пенсиясын мамлекеттин эсебине которуу менен жетпей калган эгиндин акчасын төлөп берүүгө милдеттендирилүүдө. Калгандары мамлекет алдындагы карызынан түрдүү жолдор менен, анын ичинде мүлктөрүн сатып кутулушууда.

«Менин тааныштарымдын эч кимиси планды аткара алган жок. Облустагы дыйкандардын 90% мамлекетке карыз болуп калышты. Ал эмес саманы дагы сапатсыз болуп чыкты. Жакшы болгондо жок дегенде ошону сатып, карыздан кутулат элек», — деп билдирди дашөгүздүк дыйкандардын бири.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, түшүм жыйноо боюнча планды аткарбагандыгы үчүн ондогон дыйкан прокуратурага чакырылып, айрымдарынын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Түрдүү маалыматтар боюнча бийлик түшүм жыйноодо пайдаланылган айыл чарба техникаларына камераларды орнотууну талап кылган учурлар көбөйдү. Камералар негизинен уурулуктун алдын алуу үчүн комбайндарга орнотулуп жатканы кабарланууда.

Дыйкандардын айтымдарында, мамлекетке карыз болуп калгандардын иши сотко өткөрүлүп, карызды мажбурлап төлөтүү чечимдери чыгарылууда. Талап кылынган сумманы төлөй албагандардын мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискацияланууда.

XS
SM
MD
LG