Ссылки доступа

Кытай АКШнын Иранга каршы киргизген санкцияларын кабыл албайт


Кытай АКШнын антиирандык санкцияларына карабастан Иран менен экономикалык байланыштарын сактап калат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин шаршембидеги билдирүүсүндө Кытай менен Ирандын соода мамилеси ачык жана БУУ тарабынан киргизилген санкциялардын алкагына кирбегендиктен, Пекин Иранга каршы Вашингтон жарыялаган жаңы чектөө чараларын аткарбай тургандыгы жазылган.

Күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен соода-каржылык байланыштарын уланта турган өлкөлөр жакында америкалык базарга кирүү мүмкүндүгүнөн ажырай турганын билдирген. Трамп антиирандык санкцияларды калыбына келтирүү менен Тегеранды ракеталык иштеп чыгуулардан баш тартууга жана Жакынкы Чыгыштагы терроризмди колдоону тототууга мажбурлап, «тынчтыкты орнотууга» аракет кылып жатканын белгилеген.

Акыркы кездери Кытай менен АКШ бири-биринин товарларына болгон бажы алымдарын кескин жогорулатып, өлкөлөр ортосунда соода жаңжалы болууда.

XS
SM
MD
LG