Ссылки доступа

Тажик таксисти америкалык туристтерге жоголгон документтерин кайтарып берди


Душанбелик таксист америкалык жубайларга унаада унутуп кеткен капчык жана документтерин кайтарып берди.

23 жаштагы Мухаммед Изатуллоев унаасынан таап алган капчык менен документтерди чет өлкөлкөлүктөргө кайтаруу менен тажик элинин меймандостугун көрсөткүсү келгенин билдирди.

Таксисттин айтымында, 8-августта америкалык Мэтью Пушел жубайы жана кичинекей баласы менен Тажикстанда саякаттап жүргөн. Мухаммед аларды каалаган жерине жеткирип, кайра кайткан учурда арткы орундукта капчык жана документтердин калганын байкаган. “Эмне кылуу керектигин билген жокмун. Апам чет өлкөлүктөрдү таштаган жерге барууга кеңеш берди. Мен бардым, бирок аларды тапкан жокмун. Андан соң “Коопсуз шаар” борборуна кайрылдым”, -деди ал.

Тажикстан ИИМи бул окуя тууралуу маалыматты өз сайтына жайгаштырды. Укук коргоо мекемесинин басма сөз кызматы Мэтью Пушелден маек алган: «Капчыгымды жана документимди таксиде унутуп калганым үчүн күнөөлүүмүн, мен аларды табам деп үмүттөнгөн эмесмин. Бирок туристтик полициянын жардамы менен 20 мүнөттө таптык. Мага капчыгымды жана документтеримди кайтарып беришкенде, көзүмөн жаш тегеренди, бул мен үчүн сюрприз болду, себеби эртең үй-бүлөм менен Америкага кайтышым керек болчу», - деген ал.

Милициянын туристтик бөлүмү Дангарада велосипедчендерге аёосуз кол салуудан үч күн өткөн соң түзүлгөн. Алар коомдук тартипти көзөмөлдөө, коопсуздукту камсыздоо, чет өлкөлүк туристтерди коштоо, аларга керектүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

XS
SM
MD
LG