Тергөөчүлөр Золотова менен бирге БелТА иши боюнча кармалган башка кишилерди дагы бошотуу чечимин кабыл алды.
Ошол эле маалда БелаПАН агенттигинин башкы редактору Ирина Левшина 9-август күнү кечинде Минсктеги убактылуу кармоо жайына жөнөтүлдү. Бейшембиде анын үйүндө тинтүү жүргөн.
7-августта БелаПАН жана мамлекеттик эмес TUT.BY порталынын редакцияларында тинтүү жүргөн. Ошол эле күнү бир нече журналист кармалып, үч күнгө камакка алынган. Эл аралык жана беларусиялык укук коргоо уюмдары муну сөз эркиндигин чектөө катары баалашкан.