Ссылки доступа

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Түркмөнстанда журналисттердин куугунтукталышын айыптады


“Эркин Европа/Азаттык” радиосу БУУнун Адам укуктары комитетинин журналист Огулсапар Мурадованын өлүмү үчүн түркмөн бийлигин жоопкер деп тапкан чечимин колдоду.

Медиакорпорация “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчыларын куугунтуктоо уланып жаткан маалда бул чечимди өтө маанилүү деп эсептейт.

"Биз укук коргоо уюмдарынын мурда чыгарган бүтүмдөрүн тастыктаган БУУнун чечимин кубаттайбыз: Огулсапар Мурадова кесиптик ишмердүүлүгүн байланыштуу саясий себептерден улам өлтүрүлгөн", - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Кент.

Медиакорпорация жетекчиси билдиргендей, азыр деле журналисттер Солтан Ачилова, Сапармамед Непескулиев, Ровшен Язмухамедов жана Худайберды Аллашов бийлик тарабынан куугунтукталып, кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эркинен ажырап калуу тобокелчилигине кабылышууда.

58 жаштагы Огулсапар Мурадова “Түркмөн Хельсинки фонду” укук коргоо уюмунун уюштуруучуларынын бири, “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы болгон. Ал 2006-жылы француз журналисттери менен жолугушкандан кийин кармалган, бийлик аны тыңчылыкка айыптаган. Ага адвокаттарды киргизишкен эмес. Мурадованын соттук иши жабык режимде өткөн, журналист айыптоолорду четке каккан. Ал абакта жатып, белгисиз себептерден улам 2006-жылы сентябрда каза тапкан. Сөөктүү таануу учурунда туугандары анын денесинен көптөгөн жаракаттарды байкашкан. Түркмөн бийлиги Мурадованын өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирген.

2018-жылы 3-августта БУУнун Адам укуктары комитети Мурадованын өлүмү үчүн түркмөн бийлигин айыптаган.

XS
SM
MD
LG