Ссылки доступа

Тажикстанда журналист эркектердин көчөдөгү адепсиздиги үчүн соттошууда


Афсона Акобиршоева
Афсона Акобиршоева

Душанбе шаарынын жашоочусу жаш жигиттердин асылуусуна жана адепсиз аракеттерине даттанып, 7-августта ички иштер министрине арыз жазды. “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Афсона Акобиршоеванын арызы ошол эле күнү Исмоили Сомони райондук сотуна жөнөтүлдү.

Авсонанын айтымында, 6-август күнү жумушка келе жатканда ага курулуш объектисинде иштеп жаткан жумушчулар тийишип, адепсиз сөздөрдү сүйлөшкөн.«Мен сумкамдан телефонду алып, бул жапайы көрүнүштү тартайын деп жатканда алар тарап кетишти. Бирок курулушчулардын бири жакын келип, алаасын талтайтып, атүгүл жыныстык органын көрсөтүүгө ниеттенди», - деди журналист.

ИИМ башчысынын тапшырмасы менен милиция бул курулушчуларды таап, суракка алды. “Бейбаштык” беренеси менен козголгон кылмыш иши сотко өттү. Курулушчулар адепсиз аракеттери үчүн кыздан кечирим сурашкан, бирок Афсона алардын мыйзам чегинде жоопко тартылышын талап кылууда.

Июль айында Дүйшөмбү шаарынын аялдары коомдук жайларда эркектердин адепсиз мамилесинен жана ар кандай шылдыңдоосунан коргоону суранып, шаар бийлигине кайрылган. Кайрылууга 50дөн ашык аял кол койгон. Мэр Рустами Эмомали бул боюнча жумушчу топ түзүү тапшырмасын берген. Топтун өкүлдөрү көчөдөгү эркектердин аракетин көзөмөлдөп, опузалоого кабылган кыз-келиндердин укугун коргоо менен алектенет.

XS
SM
MD
LG