Ссылки доступа

Туздуу көл: бийлик менен ишкердин талашы (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Түркия: кыргыз балдардын кымбат сүрөтү. Түркиялык ишкер Огулжан Айдомуш өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын мектебине материалдык колдоо көрсөтүүнү чечкен. Ал өзү иштеткен чакан кафеге мектеп окуучулары тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп, эки жуманын ичинде дээрлик баарын сатып бүткөн. (Директтен видео)

- Ысыкта суудан өксүгөн конуш. Мээ кайнаткан ысыкта Бишкектин жаңы конуштарынын көбүндө таза суу чыкпай, жашоочулар кыйнала баштады. (сүрөт баян)

- Борбор Азияны жөө кыдырган туристтер. Кыргызстанга акыркы жылдары чет өлкөдөн чоң машине жана велосипед менен келген туристтердин саны арбыды. Алардын айрымдары Борбор Азияга арзан саякат уюштурган фирмалар аркылуу келген. Бирок туристтер Кыргызстанда өзүн коопсуз сезе алабы? (Директтен видео)

- Абакта иштегендерге үй берилди. Жаза аткаруу кызматынын 81 кызматкери үйлүү болушту. Жаңы салынган көп кабаттуу батирлердин ачкычын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тапшырды. (сүрөт баян)

- Беш өлкө Каспийдин укуктук макамын аныкташты. Каспий – көлбү же деңизби? Каспийдин жээгинде жайгашкан беш өлкө бул маселени 20 жылдан ашык убакыттан кийин чечишти. Орусиянын, Казакстандын, Азербайжандын, Ирандын жана Түркмөнстандын лидерлери акыры Каспийдин макамы боюнча макулдашты. (Настоящее время)

- Гидроцикл бизнеси: коопсуздук – эң башкы нерсе эмеспи? (Кыргызстандан видео)

- АКШда алгачкы жолу мусулман аял Конгресс мүчөсү болушу мүмкүн. (видео)

- Туздуу көл: бийлик менен ишкердин талашы. Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтү өз аймагында жайгашкан дарылыгы бар Туздуу көлдү жеке ишкерге ижарага 49 жылга берүү тууралуу 90-жылдардын башында чыккан өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу демилгесин көтөрүп жатат. Жергиликтүү бийлик муну инвестор тартып көлдүн инфраструктурасын оңдоо, туристтерге заманбап шарт түзүү максаты менен негиздөөдө. Туздуу көлдү 20 жылдан ашык иштетип келген жеке ишкер жергиликтүү бийликтин аракетин басым катары баалады. (Директтен видео)

- Ашхабадда азык-түлүк үчүн кезек күтүүлөр уланууда​. (видео)

- Тажикстанда чет өлкөлүк велотуристтерди өлтүрүүнү ким жана кантип пландаган? (Тажикстандан видео)

- Кара деңизде байыркы рим кемеси табылды. (Настоящее время)

- Чөккөн адамга кандай жардам керек? Жыл башынан бери сууга чөккөндөрдүн саны 100 кишиден ашты. Суу алдынан куткарылган адамга биринчи жардам кандай берилиши керек? Реанимациялык иштер кандай шартта туура аткарылат? (Директтен видео)​

- Цианобактериялардан улам Европа Балтика деңизинин кумдуу жээктерин жабууда. (Директтен видео).

- ТИМ кызматкери Стивен Сигал жана башкалар. Орусияда жаңы орусиялык чет өлкөлүктөр эмне менен алектенип жатышат? (Настоящее время)

- НАТОнун Грузиядагы машыгуулары. (сүрөт баян)

- Миң кырлуу карылык. Карылар үйүндөгү кусалык жана сагыныч. Кыялы ишке ашкан ата. Үркүн маалында Кытайга сүрүлүп, кайра советтик Кыргызстанга качып келип бийликтен кордук көргөн аксакал. Фитнеске каттап, жаш кыз-келиндерден калбай спорт менен машыккан апалар. (Директтен видео)

- Рублдин арзандашы жыл соңуна чейин сакталат – эксперт базардын санкцияларга реакциясы тууралуу (Настоящее время)

- Сенцов акыл-эсин жоготпош үчүн аралашма ичүүдө – адвокат. (Директтен видео)

- Европада учкучтардын Ryanair тарыхындагы эң ири акциясы болду. (Настоящее время)​

- Скрипалдардын ишине байланыштуу АКШ Орусияга жаңы санкцияларды киргизүүдө. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG