Кыймылдын өкүлдөрү Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинде болушуп, тараптар Ооганстандагы тынчтык жараянынын келечеги жана өлкөдөн чет өлкөлүк аскерлердин чыгарылышы тууралуу сүйлөшүштү. Ага өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Өзбекстандын Ооганстандагы атайын өкүлү Исматилла Иргашев катышты.
Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууга даяр экенин билдирген.
Ооганстанда тынчтык орнотуу кеңешнин басма сөз катчысы Эхсанулла Тахеринин Associated Press агенттигине билдиргенине караганда, жолугушуунун алдында өзбек чиновниктери куралдуу топтун өкүлдөрү менен кеңешип, сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Кабулдун макулдугун алышкан.