Ссылки доступа

Казакстанда Каспийдин укуктук макамы тууралуу конвенцияга кол коюлду (видео)


Каспий деңизи
Каспий деңизи

Казакстанда өткөн саммитте Каспий деңизинин укуктук макамы тууралуу конвенцияга Орусия, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Ирандын президенттери кол коюшту.

Тараптар макулдашууга 20 жылдык талаш-тартыштан кийин жетишти.

Документке ылайык, деңиз бетинин негизги бөлүгү жалпы колдонууда кала берет. Түбү менен кен-байлыктарын, анын ичинде мунай корун коңшу өлкөлөр өз ара тил табышуунун жана эл аралык укуктун негизинде бөлүп алышат. Андан тышкары кабыл алынган конвенцияда аймакка тиешеси жок өлкөлөрдүн аскер күчтөрүн Каспийге жайгаштырууга тыюу салына турганы жазылган.

Саммиттин жүрүшүндө аталган беш өлкөнүн лидерлери ири долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык факторду дагы эске алууну убадалашты.

Каспий деңизин бөлүшүү маселеси 1992-жылдан бери талкууланып келген. СССР кулагандан кийин Каспийдин боюнда жайгашкан өлкөлөрдүн алдында мунай жана газ кендерине бай ири деңиздин укуктук макамын аныктоо маселеси жаралган.

Чалгындоо иштеринин болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, Каспий шельфинде 50 миллиард баррель мунай жана дээрлик тогуз триллион куб метр газ бар. Дүйнөлүк базардагы азыркы баа боюнча бул бир нече триллион долларга барабар.

XS
SM
MD
LG