Ссылки доступа

Өзбекстан Тажикстандын түштүгүнө оорукана курат


Өзбекстан Тажикстандын түштүгүндөгү Кубодиён районуна 200 орундуу заманбап медициналык комплекс куруп, аны заманбап жабдуулар менен камсыздап берет.

«Өзбекстандын өкүлдөрү районго келип, клиника курула турган жерди көрүп кетишти. Документтерди даярдоо иштери аяктады. Эми жакынкы убактарда курулуш башталат», — деп билдиришти район акимчилигинен.

Бул оорукананын курулушу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Душанбеге болгон сапары маалында жактырылган өзбек бийлигинин долбоорлорунун бири болуп эсептелет. Мындан тышкары өзбек тарап Тажикстандын Спитамен районунда 630 окуучуга ылайыкташкан мектеп кура турганын билдирген.

Кубодиён району Хатлон облусунун түштүгүндө жайгашкан. Ал Ооганстан жана Өзбекстан менен чектешкендиктен, аймакта өзбек диаспорасы топтолгон.

Буга чейин тажик бийлиги дагы Самаркандга 640 орундуу мектеп куруп, аны Өзбекстандын пайдалануусуна бере турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG