Ссылки доступа

Москвада жөө адамдарды сүзүп кеткен кыргызстандык мигранттын камактагы мөөнөтү узартылды


Чыңгыз Анарбек уулу.
Чыңгыз Анарбек уулу.

Кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулунун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Мындай чечимди Орусиянын баш калаасынын Тверь райондук соту кабыл алганын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык жаран автоунаасын башкара албай, жолдун четинде турган бир топ кишини сүзүп кеткен. Буга байланыштуу Москва шаарынын полициясы кылмыш ишин козгоп, тергөө баштаган. Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан жети киши жабыркаган.

Кийинчерээк айдоочу кыргызстандык жаран, 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулу экени белгилүү болгон. Суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басмакчы болуп газды басып алганын айткан. Ал ошондой эле спирттик ичимдик ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG