Америкалык алкоголдук продукциялар үчүн бажы төлөмдөрү 140%, жеңил автоунаалардыкы 120%, тамекиники 60% жогорулады. Мындан тышкары косметика, күрүч жана көмүр үчүн бажы төлөмдөрү өстү.
АКШ августтун башында Түркиянын тышкы иштер жана юстиция министрлерине санкция киргизген, Анкара да Америкага дал ушундай өңүттө жооп берген.
Кийинчерээк АКШ президенти Дональд Трамп түрк болоту менен алюминийине болгон бажы төлөмдөрүн жогорулаткан. Бул билдирүүлөрдүн фонунда лира арзандаган. Президент Режеп Эрдоган улуттук валютанын алсыроосун Анкаранын көз карандысыз саясатына каршы акция деп баалаган. Жыл башынан бери түрк лирасы 45% төмөндөгөн. Күн мурун Эрдоган америкалык электроникага байкот жарыялоого чакырган.