Ссылки доступа

Алматыда онкологиялык дартка чалдыккандарга дары жетпей жатат


Алматыда онкологиялык дартка чалдыккандар үчүн дары каражаттарынын жетишсиз болуп жатканын адистер эмчек рак оорулары көбөйгөнү менен түшүндүрдү. Буга чейин Алматы онкологиялык борборунун бейтаптары дары тартыш болуп жатканын билдиришкен.

13-сентябрда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, эмчек рагын дарылоодо колдонулуучу «Герцептин» дарысы жетишсиз болуп жатканын айтышты.

Алматы онкологиялык борборунун башкы дарыгери Нурсултан Измагамбетов кошумча каржылоо маселеси каралып жатканын, ага чейин борбор башка аймактардан карызга препарат сураганын маалымдады.

«СК-Фармация» компаниясынын өкүлү Наталья Зеленская бул дары өлкөгө келгенин, 20-сентябрга чейин аймактарга жеткирилерин айтты.

Медиктердин маалыматы боюнча Алматыда бейтаптар «Герцептин» дарысынын 290 флаконуна муктаж. Анын ар бири 300 миң теңге (800 долларга жакын) турат.

Расмий маалыматтар боюнча Алматыда эмчек рагы менен ооруган 5 426 аял каттоодо турат. Өткөн жылдын сегиз айына караганда алардын саны беш пайызга өскөн.

XS
SM
MD
LG