Ссылки доступа

Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова кызматынан кетти


Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова ээлеген кызматынан өзүнүн берген арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн. Социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты четке кагып келген.

Кийин бул маалыматты Башкы прокуратура текшерүүгө алып, социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барганын аныктаган.

Маалыматка ылайык, Исакунова былтыр 6-9-ноябрда эмгек өргүүсүндө болуп, алгач АКШга, андан соң Аргентинага барган. Мындан сырткары, өкмөттүн каршылыгына карабай Таалайкүл Исакунова былтыр Санкт-Петербургдагы жыйынга катышып келген.

Ошондой эле Башкы прокуратура жакында жаңжал менен иштен бошотулган социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Ирандагы жана Түштүк Кореядагы сапарында дипломатиялык паспортту жеке иштери үчүн колдонгонун кабарлаган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кыргыз өкмөтүнө жогорудагы мыйзам бузулган учурларга байланыштуу чара көрүү боюнча сунуш киргизген.

XS
SM
MD
LG