Ссылки доступа

Кандагарда полиция башчысы өлтүрүлгөнү айтылууда


Ооганстанда жоочулардын кол салуусунан улам  Кандагар провинциясынын полиция башчысы, генерал Абдул Раззак мерт болгону айтылууда.

Белгисиз кишилер жергиликтүү администрацияга чабуул жасашкан, ал жерде Кандагар бийлиги менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана чет өлкөлүк аскерлер жолугушуу өткөрүп жаткан. Ооган күч түзүм кызматкерлеринин биринин айтымында, чабуулга чейин Кандагар губернаторунун резиденциясында жардыруу болгон. Жергиликтүү журналисттер кол салган жоочулар ок атуучу куралдар менен гана жабдылганын билдиришүүдө.

Кандагар губернатору Залмай Виса жана аймактык чалгын башкармалыгынын башчысы, генерал Абдул Момин өлгөнү кабарланууда. Бирок Кабул бийлиги бул маалыматты тастыктай элек. Мындан тышкары үч америкалык жаран жараат алган.

The New York Times трагедия болгон жерде Ооганстандагы АКШ жана НАТОнун куралдуу күчтөрүнүн башчысы Остин Скотт Миллер болгонун кабарлады. Ал жабыркаган эмес. Кол салуу 20-октябрда ооган парламентинин төмөнкү палатасына депуттарды шайлоонун алдында болду.

Генерал Абдул Раззак 2011-жылдан тарта Кандагар полициясын жетектеген. Айрым эксперттер аны “Ооганстан түштүгүнүн королу” деп аташкан, себеби генералдын таасири Кандагардан тышкары Урузган, Гельманд жана Забуль провинцияларында да күчтүү болгон.

Генерал Абдул Раззак бир нече жолу “Талибан” кыймылынын жетекчилери менен өткөн сүйлөшүүлөргө катышкан. Быйыл жай айында берген интервьюларынын биринде ал “Талибан” башчыларынын теңи тынчтык жараянын колдой турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG