Ссылки доступа

ЖККУдагы төрагалык Кыргызстанга өттү


Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунда (ЖККУ) бир жыл төрагалык кылат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Башкы штабынын басма сөз өкүлү Гүлзат Жарашева кабарлады.

Буга чейин ЖККУда Казакстан төрагалык кылып келген.

Ушул күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында ЖККУнун жыйыны өтүүдө. Анда уюмдун алкагындагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бир катар документтерге кол коюлат жана өз ара кызматташтыкты бекемдөө, коопсуздук маселеси талкууга алынмакчы.

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Армения, Беларус, Орусия жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG