Ссылки доступа

Макгрегорду туураган электрик жазаланды (видео)


Таласта мушкер Конор Макгрегорду туураганы пародия катары Интернетте тараган монтерго тартиптик чара көрүлдү. ​Бул тууралуу "Түндүк электр" ачык акционердик коому билдирди.

Маалыматка караганда, мушкерди туураган кызматкер тартиптик жазадан тышкары электр жабдууларын иштетүүдөгү техникалык коопсуздук эрежелери боюнча мөөнөтсүз аттестациядан өткөрүлө турган болду. Ушундай эле чара анын жетекчисине да колдонулат.

Мекеме монтер кур тагынбай коопсуздук эрежесин бузганын айтууда.

Буга чейин электр мамысы аркылуу мушкер Конор Макгрегордун басканын туураган монтердун видеосу Интернетте тараган.

XS
SM
MD
LG