Ссылки доступа

Москвада кыргызстандык Рустамов жети жылга соттолду (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Москвада кыргызстандык Рустамов жети жылга соттолду. Москва соту Кыргызстанда туулуп-өскөн Атабек Рустамовту WhatsApp аркылуу борборазиялыктарды террорчу топтордун катарына үгүттөп турган деп айыптап, жети жылга эркинен ажыратты. (Директтен видео)

- Өкмөт машинелердин түтүнүн текшерүүдө. Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция Бишкек шаарындагы автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Инспекторлор рейддин жыйынтыгында абаны булгап жаткан автоунаалардын айдоочуларына айыппул салынып, эскертүү берилди. (Директтен видео)

- Аймактык гезиттин араң жан абалы. Ноябрь айында жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо борборунан басылып чыккан үч гезит ишин токтотту. Мунун себебин адистер көпчүлүк Интернетке өтүп, гезиттин окурмандары азайып калганы менен түшүндүрүп жатышат. Мындай кырдаалда алыскы аймактык гезиттердин абалы кандай болуп жатат? (Директтен видео)

- Байыркы шаарлардын изи менен. “Данисте” телеберүүсүндө Улуу Жибек жолунун таасири алдында түптөлгөн байыркы шаарлардын бизге жеткен тарых-таржымалы тууралуу тасманы сунуш кылабыз. Анда соода кербендердин тоо, талаадан өткөн жолун бойлото туруктуу эли менен түптөлгөн шаарлардын изин иликтейбиз. Ошондой эле Баткендеги 77 жылдыгын белгилеп жаткан Айдаркен сымап комбинаты тууралуу баянды да көрө аласыз. (Директтен видео)

- Астанада мектеп окуучусу канализация люгуна түшүп кетип каза болду. (видео директ)

- Азия: Аблязов мекенинде өмүр бою кесилди. Казакстандык саясатчы Мухтар Аблязов банкир Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурууга күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Казакстанда жыл сайын турмуштук зомбулуктан 500 аял өлөт. Өзбекстандын банк тармагы кандай менчиктештирилет? (видео)

- Каатчылык жана ишкерлер. Акыркы жылдары экономикалык каатчылыктан айрым компаниялар өндүрүшүн азайтууга аргасыз болушса, башкалары банкротко кептелишкен. Быйыл беш айдын ичинде эле Тажикстанда 12 миң ишкана, компания жана жеке ишкер банкрот деп табылган. (Тажикстандан видео)

- Бийлик тарифтерди төмөндөтүүнү убадалоодо. Жаңы жылдан тарта Казакстан бийлиги электр жана жылуулук тарифтерин төмөндөтүүнү убадалады. Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында айтылды. (Казакстандан видео)

- Кытайда 29 казакстандык кармалды. Кытайда кош жарандуулугу бар деп шектелген 29 казакстандык кармалды. Алардын айрымдары дале камакта калышууда. (Казакстандан видео)

- Мюллердин командасы Манафортту калп айткан деп айыптап, тергөө менен бүтүмгө баруудан баш тарта тургандыгын билдирүүдө. Атайын прокурор Роберт Мюллер Трамптын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту жалган көрсөтмө берүүгө айыптады. (видео Директ)

- Керч каатчылыгы сүрөттөрдө. Москва менен Киевдин ортосунда жаңжал уланууда. Киев Керч кысыгында Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн үч кемеси күч менен колго түшүрүлгөнүн билдирген. Анда алты украин моряк жарадар болгон. Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Украина Орусиянын бул аракетин “агрессия” деп баалады. (сүрөт баян)

- Украинадагы аскердик абал: эмнелерди билүү керек? («Крым.Реалии» долбоорунун мультимедиялык материалы)

- Хусейн Абдусамадов велотуристтерге кол салуу тууралуу айтып берди. Быйыл июлда Дангарда чет өлкөлүк велотуристтерге кол салган топтун башчысы Хусейн Абдусамадов теракт тууралуу айтып берди. (Тажикстандан видео)

- Кара, жашыл, ар түрдүү. Алматыда манты күнү белгиленди. (сүрөт баян)

- Порошенко Орусиядан украин аскер кызматкерлерин бошотууну талап кылды. (видео Настоящее время)​

- Киевдеги Орусия элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы. 25-ноябрда Киевдеги орус элчилигинин алдында украин кемелеринин кармалышына каршы нааразылык акциясы өттү. Аны С14 деп аталган оңчул-радикал уюму уюштурган. (сүрөт баян)

- Өзбекстанда фермерлерден кийин дарыгерлерди ант берүүгө мажбурлашты. Өзбек дарыгерлерин Гиппократтын антынын ордуна элдин, мамлекеттин жана президенттин алдында ант берүүгө мажбурлашууда. (Өзбекстандан видео)

- Евромайдан. Революция башынан аягына чейин. (Инфографика)

- Майыптар арабасынан туруп, информатика жана сабак берип жаткан Давуд. (Настоящее время)

- Симферополдо ФСБ тарабынан кармалган украин суучулдары соттолууда. (видео директ)

- Киевдин тургундары: «Крым үчүн аскердик абал киргизбей, эми үч кеме үчүн киргизишеби?» (Настоящее время)

- Менин баатыр жеңем. Уланбек Эгизбаевдин акыркы тасмасы.Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай жайлоосунда төрөлүп, тоо коюнунда бой жетип, бактысын ошол жерде таап жети балалуу болгон баатыр эне Айнагүл Исакованын бир күндүк түйшүгү тартылган. Таң аткандан күн батканга чейин жаны тынбаган Айнагүл менен анын үй-бүлөсүнүн жайлоодогу түйшүгү тууралуу маркум кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев менен операторубуз Бексултан Абибакир уулу быйыл жайында тартып келишкен. (Директтен видео)

- Астанада «Алтын алка» медалынын ээлери бири-бирине WhatsApp аркылуу материалдык колдоо көрсөтүшүүдө. (Казакстандан видео)​

- Кымбат жана сапатсыз. Павлодарлыктар көмүргө нааразы.(Казакстандан видео)

- «Адам ден соолугун жоготпостон бир айда 3 500 рублга жашай албайт. (Настоящее время)

- Азов жана Кара деңиздердеги жаңжал: каршылашуунун тарыхы. (видео Директ)

- Петербургдагы Кадыров көпүрөсүнө «Ингушетияга таандык» деген баннер илинди. Акцияны Чеченстан менен Ингушетия ортосундагы жер талаштан кийин «Весна» аттуу арт-группа өткөрдү. (Настоящее время)​

- ЕБ Түркмөнстанда өз өкүлчүлүгүн ачат. (видео)

- Жаңы конуштардын жарыбаган турмушу. (сүрөт баян)

- Игорь Сечиндин мурдагы аялы кантип байыган? (видео Директ)

- Шинжаң лагерлеринин хроникасы. (материалдар топтому)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG