«Анын сөөгүн жууп жатканда денесинде көк-ала тактарды көрдүк. Биз Илхомиддин кыйноолордон улам каза болгонуна ынандык», - деди маркумдун атасы Шарофиддин Шоев.
Анын айтымында, 2015-жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн уулу жакынкы күндөрү мекенине биротоло келерин айткан.
ЖМКлар 21-ноябрь кечинде Москва полициясы талоончулук ишинин алкагында Тажикстандын 18 жараны кармалганын кабарлашкан. «Алардын бири сурак маалында өзүн жаман сезип, каза болуп калган. Болжол менен анын жүрөгү кармаган», ؙ— деп жазган «Москва» агенттиги өз булактарына таянып.