Ссылки доступа

Өзбекстанда Тышкы миграция агенттигинин жетекчилиги 20 млн доллар пара алууга шектелүүдө


Өзбекстанда Тышкы миграция агенттигинин жетекчилиги Түштүк Кореяда иштегиси келген жарандардан 20 миллион доллар пара алууга шектелүүдө. Маалыматты Өзбекстандын эмгек министрлигиндеги эки көз карандысыз булак тастыктады.

“Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлагандай, бул маалымат азырынча расмий түрдө коомчулукка айтыла элек. 16-20-ноябрь аралыгында Тышкы миграция агенттигинин жыйырмадай кызматкери кармалган. Кореяда иштөө үчүн арыз бергендерден пара алууга шектелгендердин көбү көрсөтмө беришкенден кийин бошотулган. Бирок 26-ноябрда агенттиктин жетекчиси менен орун басары жана окутуу борборунун башчысы кармалды.

Агенттиктин жетекчилиги жалпысынан 20 миллион доллар пара алууга шектелүүдө. Эмгек министрлиги менен Тышкы миграция агенттигинин жооптуу кызматкерлери ар бир дубандан 400дөн кем эмес кишини Кореяга жумушка жөнөтүүгө убада беришкен.

Миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Ташкенттеги кеңседе 5000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Андан соң башкармалыктын жетекчиси жана беш бөлүм башчы тергөө абагына жеткирилген.

Эмгек министрлиги жана Тышкы миграция агенттиги бул боюнча комментарий бере элек. Өзбекстан Башкы прокуратурасы дагы тергөө аягына чыга электигине байланыштуу маалыматты тастыктап же четке каккан жок.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG