Ссылки доступа

Казакстанда футболчулардын орточо айлыгы 148 миң долларды түзөт


Sporting Intelligence сайты 2018-жылга карата дүйнө футболундагы орточо маяналар тууралуу маалыматтарды жарыялады. Бул тууралуу казак басымалары жазды.

Рейтингге ылайык, баарынан футболчуларга Англия премьер-лигасында көп маяна төлөнөт. АПЛ клубдарынын негизги курамындагы оюнчулар жылына орточо эсеп менен 3,93 миллион доллардан алышат.

Алдыңкы үчтүккө Испаниянын Ла-Лигасы (2,89 миллион доллар) менен Италиянын Серия Асы (1,99 миллион доллар) дагы кирген. Бул тизмеде Казак премьер-лигасы 25-сапка жазылган. КПЛ клубдарынын негизги курамындагы футболчулар жылына орточо эсеп менен 148 миң доллардан (55 миллион теңге) алышат.

Бул көрсөткүч менен Казакстандын чемпионаты Түштүк Корея, Австралия, Польша жана Хорватия лигаларынан жогору жайгашкан. Рейтингде Өзбекстан чемпионаты көрсөтүлгөн эмес.

Айлыгы эң жогору болгон алдыңкы он лиганын тизмеси төмөндөгүдөй:

  • АПЛ (Англия) – 3,93 миллион доллар;
  • Ла Лига (Испания) – 2,89;
  • Серия А (Италия) – 1,99;
  • Бундеслига (Германия) – 1,83;
  • Лига 1 (Франция) – 1,3;
  • Суперлига (Кытай) – 1,05;
  • РПЛ (Орусия) – 877 миң доллар;
  • Суперлига (Түркия) – 864 миң;
  • Серия А (Бразилия) – 670 миң;
  • МЛС (Канада, 3 клуб) – 519 миң.
XS
SM
MD
LG