Ссылки доступа

Тажикстанда келерки жылдан тара айыппулдар жогорулайт


Тажикстанда жаңы жылдан тарта айыппулдар менен пошлиналар 10% жогорулайт. Светофордун кызыл жарыгынан өтүп кеткендер үчүн айыппул 250дөн (28 доллардын тегереги) 275 сомониге көбөйөт.

Бул “Тажикстандын 2019-жылдагы мамлекеттик бюджети жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тарта эсептөөлөр үчүн көрсөткүч көлөмү 50дөн ($5,33) 53 сомониге жогорулаганы менен байланыштуу.

Минималдык айлык акы – 2008-жылдын 1-июлунан тарта эсептөөлөр үчүн көрсөткүчтөр деген түшүнүк менен алмаштырылган. Бул салыктарды, айыппулдарды, пошлиналарды жана милдеттүү башка төлөмдөрдү, андан тышкары социалдык жөлөк пулдарды жана үстөк акыларды эсептөө үчүн колдонулат.

Эсептөө үчүн көрсөткүчтөр инфляциянын деңгээлин эске алуу менен аныкталып турат.

Тажикстандык айдоочулар айыппул жогоруласа, коррупция өөрчүп, испекторлорго пара берүү көбөйөт деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG