Нью-Йорктун Чыгыш округунун прокуратурасы билдиргендей, айыпталуучулардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн улам келтирилген жалпы чыгым ондогон миллион доллар деп бааланууда.
Учурда Казакстандын жарандары Сергей Овсянников (Малайзияда кармалган), Евгений Тимченко (Эстонияда кармалган) жана Орусия жараны Александр Жуковдун (Болгарияда кармалган) АКШга экстрадицияланышы күтүлүүдө. Калган беш шектүү азыр эркиндикте жүрүшөт.
Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулар «алдамчы интернет-жарнама» менен алектенген ботнеттерди түзүү үчүн кеминде 31 интернет-домен жана 89 компьютер серверин пайдаланышкан.