28-ноябрда Астанада өткөн жарандык форумда Назарбаев мамлекеттик социалдык буюртмаларды каржылоого 20 миллиард теңгеден ашык акча жумшалып жатканын айтты.
2015-жылдан бери Казакстанда бейөкмөт уюмдар тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет беришет. Бийлик маалымат бербеген өкмөттүк эмес уюмдар гранттарга, мамлекеттик сыйлыктарга талапкер боло албасын жана социалдык буйуртмаларды аткаруу үчүн сынактарга катыштырылбай турганын жарыялаган. 2016-жылы 16 миңден ашуун бейөкмөт уюм отчет берген эмес.
Жарандык форум бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен мамлекеттик органдардын диалогун жакшыртууга, мамлекеттик башкарууга жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусун арттырууга арналган. Иш-чара эки жылда бир жолу өткөрүлөт.