Ссылки доступа

Путин украин моряктарынын барымтага алынышы боюнча үн катты


Орусия президенти Владимир Путин деңиздеги карама-каршылык үчүн расмий Киевди күнөөлөп, "украин президенти Петр Порошенко шайлоо алдында беделин чыңдоо максатын көздөдү" деп эсептей тургандыгын билдирди:

- Бул, албетте, чагым. Кызматтагы өкмөт, менимче азыркы президент тарабынан да келерки жылдын мартындагы шайлоонун алдында уюштурулган чагым. Кызматтагы президенттин рейтинги, менимче, бешинчи тепкичте. Ал түгүл экинчи айлампага кирбей калышы мүмкүн. Андыктан бир нерсе кылышы керек, - деди Путин.

Конфликт в Керченском проливе в версиях России и Украины. Сравниваем
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

Путин өлкө чыгышындагы жаңжал учурунда да Украинада аскердик абал киргизилбегенин, бирок "кичинекей окуя" үчүн киргизилгенин белгиледи.

25-ноябрда Орусиянын согуштук кемелери Украинанын чопкуттуу артиллериялык катерлерине ок аткан окуя алар Кара деңизден Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине өтүп бараткан учурда болгон. Аталган окуяда жалпысы 24 украин деңиз аскери кармалып, анын ичинен алтоо жаракат алган. Орусия тараптын маалыматында жаракат алгандардын ичинен үч моряк ооруканада. Ал эми Украинанын кармалган үч кеме-катери Керч портуна жеткирилген.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалап жатат.

Ал арада Украинанын Орусия менен деңизден жана кургактан, ага катар Молдованын Орусия колдогон Приднестровьеге чектеш он аймагында жарыяланган аскердик абал расмий күчүнө кирди.

Ошондой эле президенттик шайлоо 2019-жылдын 31-мартына расмий белгиленди.

XS
SM
MD
LG