Ссылки доступа

Чыры көп, акчасы тартыш кыргыз цирки (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Чыры көп, акчасы тартыш кыргыз цирки. Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери менен жетекчилигинин ортосунда он жылдан бери уланып келаткан чыр күч алды. Артисттер бул жолу цирктин директору Курмангазы Исанаев менен орун басары Дария Кусеинованы коррупциялык мыйзам бузууларга айыпташып, аларды кызматтан кетирүү талабын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жолдоду. (видео)

- БУУ: дүйнөдө 87 миң аял өлтүрүлгөн. Керч окуясынан улам АКШ президенти Дональд Трамп “Чоң жыйырманын” саммитинин алкагында орус президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баш тартышы мүмкүн. Грузияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. БУУнун маалыматына ылайык, өткөн жылы дүйнөдө 87 миң аял өлтүрүлгөн. Алардын жарымынан көбү жакын адамынан же күйөөсүнөн запкы көргөн. (видео)

- Москвада суракка алынып жатып мерт болгон тажикстандыктын сүрөтүн көрсөтүштү. Денеси көгала болгон. (Настоящее время)

- Өлкөдө автоунааларды эвакуациялоодон түшкөн акча бюджетке жетпей калганбы? (видео)

- Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларга презерватив таратууну сунуштады (видео)

- Анжиянда жол инспектору күбөлөрдү бош протоколдорду толтурууга мажбурлаган. (видео)

- Казакстанда активисттер аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү катуу жазалоону талап кылышууда. (видео)

- Азов деңизиндеги гибриддик оюндар. (видео Директ)

- 80ден ашык бала зомбулукка кабылган. 25-ноябрдан 10-декабрга чейин бүткүл дүйнөдө БУУ тарабынан демилгеленген «Зомбулуксуз 16 күн» деп аталган эл аралык акция өтүүдө. Акыркы тогуз ай ичинде Казакстанда 600дөн ашык зомбулук фактысы катталса, алардын 80ден ашыгы балдарга каршы болгон. (Казакстандан видео)

NASAнын InSight зонду Марска ийгиликтүү конуп, алгачкы маалыматтарды жөнөттү (видео)

- Каатчылык жана ишкерлер. Акыркы жылдары экономикалык каатчылыктан айрым компаниялар өндүрүшүн азайтууга аргасыз болушса, башкалары банкротко кептелишкен. Быйыл беш айдын ичинде эле Тажикстанда 12 миң ишкана, компания жана жеке ишкер банкрот деп табылган. (Тажикстандан видео)

- Бийлик тарифтерди төмөндөтүүнү убадалоодо. Жаңы жылдан тарта Казакстан бийлиги электр жана жылуулук тарифтерин төмөндөтүүнү убадалады. Бул тууралуу бүгүн өкмөт жыйынында айтылды. (Казакстандан видео)

- Украин коопсуздук кызматынын аппарат башчысы Игорь Гуськов: контрчалгынчылар бардык өлкөлөрдүн флотторунда бар. (видео директ)

- Латвия парламенти эки айдан бери өкмөттү тандай албай жатат. (видео Директ)

- Керч каатчылыгы сүрөттөрдө. Москва менен Киевдин ортосунда жаңжал уланууда. Киев Керч кысыгында Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн үч кемеси күч менен колго түшүрүлгөнүн билдирген. Анда алты украин моряк жарадар болгон. Москва украиналык кемелер Орусиянын аймагын бузуп киргендиктен Кара деңизде кармалганын, ал үчүн курал колдонулганын ырастаган. Украина Орусиянын бул аракетин “агрессия” деп баалады. (сүрөт баян)

- Кара, жашыл, ар түрдүү. Алматыда манты күнү белгиленди.(сүрөт баян)

- Өзбекстанда фермерлерден кийин дарыгерлерди ант берүүгө мажбурлашты. Өзбек дарыгерлерин Гиппократтын антынын ордуна элдин, мамлекеттин жана президенттин алдында ант берүүгө мажбурлашууда. (Өзбекстандан видео)

- Москва менен Киевдин ортосундагы мамилелердин акыркы бузулушуна дүйнө кандай реакция кылууда? (видео директ)

- Украина аскердик абалга даярданууда. (Настоящее время)

- Астанада «Алтын алка» медалынын ээлери бири-бирине WhatsApp аркылуу материалдык колдоо көрсөтүшүүдө.(Казакстандан видео)​

- Кымбат жана сапатсыз. Павлодарлыктар көмүргө нааразы.(Казакстандан видео)

- Конституциялык сот Ингушетия менен Чеченстан ортосундагы чек ара маселесин карап жатат. (Настоящее время)

- Марска конгон InSight модулу анда эмне кылат? (видео Директ)

- ЕБ Түркмөнстанда өз өкүлчүлүгүн ачат. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG